Депутаттар Кыргызстан Бажы биримдигине кирүүдөн баш тартып койсо эмне болоруна кызыгышты
Бүгүн, 26-ноябрда Жогорку Кеңеште Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү тууралуу мыйзам долбоолорунун топтому талкууланды. Жыйында депутат Турсунтай Салимов өкмөт өкүлдөрүнө “Кыргызстан Бажы биримдигине кирбей койсо эмне болот?” деп суроо берди. Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев биримдикке кирбей койсо, биринчи кезекте ишкерлерге маселе жараларын айтты. “Кирбесек бул биримдикке кирген өлкөлөр кыргызстандык ишкерлерге товар алып өтүүдө чек арадан маселе жаратышат. Ал эми Кыргызстанда “Дордой” базары - эң чоң базар. Анда иштеген соодагерлер биримдикке кирүүнү колдоп жатышат. Анткени аларда мындан башка жол жок”,- деди Сарпашев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

