super.kg logo

Кыргызстандын мамлекеттик чек араларын бекемдөөгө 55 миллион доллар багытталары айтылды

 

Кыргызстандын мамлекеттик чек араларын бекемдөөгө 55 миллион доллар багытталат. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда "Кыргызстан өз чек араларын коргой алабы?" деген аталыштагы тегерек столдун жүрүшүндө экономикалык адис Жумакадыр Акенеев билдирди.

Анын айтымында, акыркы үч жыл ичинде орусиялык, беларустук жана казакстандык адистер Кыргызстандын Бажы биримдигине киришинен соң кандай маселелер пайда болорун изилдеп чыгып, алардын алдын алууга тиешелүү чараларды көрүүнү сунушташкан. "Ушул мөөнөттүн ичинде Кыргызстандын жетекчилиги тарабынан террорчулук, аткезчилик, баңгизатты мыйзамсыз өткөрүүгө каршы иш-аракеттер жүргүзүлгөн",- деди Акенеев.

Мындан тышкары ал КРнын Президентинин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаковго шилтеме берүү менен Орусия тарабынан Кыргызстанга 200 миллион доллар бөлүнөрүн эскертти. "Бул акча каражаттын 55 миллион доллары чек араларды бекемдөөгө багытталмакчы",- деп толуктады адис.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: