Айыл чарба министри 19 тонна курманын Орусиянын чек арасынан эмне үчүн артка кайтарылганын билбейт
Депутат Улукбек Кочкоров 26-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында 2 күн мурун кыргызстандык дыйкандардын 19 тонна курмасы Орусиянын чек арасынан кайтарылып келгенин билдирди. Депутат айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиевден: “Айтыңызчы, эмне үчүн курмалар кайтырылып келди?”- деп сурады. Министр: “Мен билбейт экенмин, сертификаты жок болгону үчүн кайтарылып келген болушу мүмкүн”,- деп жооп берди. Вице-спикер Төрөбай Зулпукаров: “Билбесеңиз, “билбейм” деп эле айтпайсызбы, божомолдобой”,- деп кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















