super.kg logo

Жыл башынан бери өлкөнүн чек араларында 40 чыр-чатак катталса, анын 32си кыргыз-тажик чек арасында болгон

 

Үстүбүздөгү жылдын башынан бери Кыргызстандын коңшу мамлекеттер менен чек араларында 40 чыр-чатак катталган. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз борборунан Сажира Чоколоева билдирди.

Маалыматка ылайык, чек ара чатактарынын негизги себептеринин катарында тактала элек жер тилкелерин талашуу, тартыш болгон суу маселеси турат. Катталган 40 чыр-чатактын 32си кыргыз-тажик, экөө кыргыз-казак, бирөө кыргыз-кытай жана бешөө кыргыз-өзбек чек арасында болгон.  

Белгилүү болгондой, Кыргызстан Казакстан, Кытай, Өзбекстан жана Тажикстан менен чектешет. Ал эми азыркы учурда Өзбекстан жана Тажикстан менен чек аралар толугу менен такталып бүтө элек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: