Жоомарт Оторбаев Ысык-Көл облусуна жардам берүүдө кыргыз элинин биримдиги далилденгенин айтты
"Жер титирөөдөн жабыркаган Ысык-Көл облусуна гуманитардык жардам көрсөтүүдө бир да облус четте калган жок. Тамак-аш, курулуш материалдары, көмүр, жылуу кийим жүктөлгөн 25 оор жүк ташуучу унаа даярдалды. Бул акция кыргыз элинин биримдигинин көрүнүктүү далили". Мындай пикирди өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев бүгүн, 26-ноябрда Ысык-Көлгө гуманитардык жардам жөнөтүү иш-чарасында билдирди. Оторбаев гуманитардык жардам тааныш-билиштик менен максатсыз таратылбай турганын, бул ишти Ысык-Көл облусунун башчысы жеке көзөмөлгө аларын кошумчалады.
Айта кетсек, Ысык-Көл облусуна бүгүн 4 миллион 700 миң сомдук гуманитардык жардам жөнөтүлдү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















