Кыргызстандагы автоунаалар кайрадан техникалык кароодон өткөрүлө баштайт
Өкмөт Кыргызстандагы автоунааларды кайрадан техникалык кароодон өткөрүүнү сунуштоодо. Өкмөттүн мындай демилгесин экономика министринин орун басары Данил Ибраев Жогорку Кеңештин 26-ноябрдагы жыйынына алып чыкты. Ибраев бул норма Кыргызстандын Бажы биримдигине кирип жаткандыгына байланыштуу экенин айтты. “Чыкканына 7 жыл болгон жеке жана коммерциялык автоунаалар техникалык кароодон сөзсүз өткөрүлүшү керек”,- деди Ибраев.
Талкуудан кийин депутаттар аталган мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө жиберишти.
Эскерте кетсек, Кыргызстандагы унааларды техникалык кароодон өткөрүү 2012-жылы парламент тарабынан жокко чыгарылган болчу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















