super.kg logo
  Саясат  

Нуркамил Мадалиев "бейөкмөт уюмдардын акчалары эмнеге жумшалып жатканын көзөмөлдөш керек" дейт

 

Бүгүн, 26-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаты Нуркамил Мадалиев менен бейөкмөт уюмдардын өкүлү катары Рита Карасартова “Парламент” радиосунун түз эфиринде “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоорун талкууга алышты. Мадалиев Кыргызстанда иш алып барган жана чет өлкөлүк уюмдар тарабынан каржыланган коомдук уюмдарга карата аларды каттоого алуу, алынган каржы каражаттарынын жумшалуусу тууралуу отчёттуулугу, аларга “чет өлкөлүк агент” макамын берүү талаптары коюлган толуктоо жана өзгөртүүлөргө токтолду.

Карасартова азыркы күндө мындай мыйзам долбоору керек болуп жатканына кошулуп, бирок сунушталган долбоорлор чийки экенин билдирди. Анын айтымында, мыйзам долбоорунда мамлекетке келип жаткан каражаттар боюнча жеке эле бейөкмөт уюмдардын отчёттуулугун карабастан, чет өлкөлөрдөн каржыланган жалпыга маалымдоо каражаттарынын, диний уюмдардын жана мамлекеттин дагы отчёттуулугун камтуу менен кеңейтүү керек.

Депутат сунушталган мыйзам долбоорунда бейөкмөт уюмдарын чектөөгө алган бир дагы норма жоктугун, болгону каражаттар кандай максатта келип, кандай максаттарга жумшалып жатканын гана билип туруу керектигин айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: