super.kg logo

Эртең Бишкектин жана Чүйдүн айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт

 
27-ноябрда аба чубалгылары менен бир катар көмөк чордондорундагы оңдоо иштерине байланыштуу Бишкектин жана Чүйдүн айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" АККнын басма сөз кызматы билдирди.  

Маалыматка ылайык, эртең саат 09:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаарындагы Дордой, Ак-Босого конуштарында, Боталиев, Щербаков, Көкчө-Тоо көчөлөрүндө, ошондой эле Токтоналиев көчөсүндөгү №78-көп кабаттуу үйдө электр чубалгылары оңдолот. Оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт. Будённый, Жибек Жолу, Карпинский, Токтогул, Ахунбаев, Ясенский тар көчөсү, Кропоткин, Медеров, Элебаев, Бектенов, Скрябин, Жамгырчиев, Кайназарова, Пишпек, Мозолев, Кум-Арык, 9-январь, Дэн Сяопин, Волков, Садыгалиев, Троицкая, Очаковская, Власов, Патрис Лумумба, Ильменская көчөлөрүнө жана Нижний, Гатчинский тар көчөсүнө “акылдуу” эсептегичтердин орнотулушуна байланыштуу электр жарыгы өчүрүлөт. 

Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Көк-Жар (Маликов, Чоң-Багыш, Эгембердиев, Үмөталиев көчөлөрү), Кара-Жыгач, Бек-Тоо, Васильевка (Комсомольская, Фрунзе, Лесная көчөлөрү), Бирлик (Токтогул, Новая, Жумалы, Молодёжная, Парковая көчөлөрү), Кашка-Суу, Байтик, Арашан, Таш-Мойнок, Маевка (Островский, Курманалиев, Набережная, Молодёжная, Ала-Арча, Арык, Кирпичная, Восточная, Жаш Гвардия, Сельская, Строительная, Больничная, Школьная көчөлөрү), Пригородное (Горький, Московская, 1-Май, Береговая, Садовая, Сибирская көчөлөрү), Мыкан (Линейная көч., ПМК-3 тарап), Ленин (Набережная, Алматы, Коммунарская, Садовая көчөлөрү, Зелёная тар көчөсү) айылдарында, Жайыл районуна караштуу Полтавка (Октябрьская, Центральная көчөлөрү), Петропавловкада электр чубалгыларындагы оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурашы ыктымал. 

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: