Нарын облусундагы Кында ашуусу жабылды
Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Кында ашуусу автоунаалар үчүн жабылды. Муну бүгүн, 26-ноябрда Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, район акими Жакыпбек Субакожоевдин жарлыгы менен Ат-Башы - Кында - Торугарт унаа жолунун 50-80-чакырымы жабылды. Тийиштүү техникалар жолду тазалоо иштери менен алектенип жатканы айтылды. Мындан тышкары Нарын - Өрүк-Там унаа жолунун Капчыгай тилкесинин 50-70-чакырымы 20-ноябрдан кийинки жылдын апрель айына чейин жабык турат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:51
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















