Дамира Ниязалиева Ысык-Көлгө заманбап "Артек" курууга болорун айтты
Парламент депутаты Дамира Ниязалиева бүгүн, 26-ноябрда "Кыргызстан-Орусия аба көпүрөсү" экспедициясынын өкүлдөрү менен жолугушту. ЖКнын маалымат кызматы билдиргендей, жолугушууда депутат Ысык-Көлдөгү туризмди даңазалаганы үчүн экспедициянын катышуучуларына ыраазычылык айтты. "Ысык-Көл инвестициялык ири потенциалга ээ. Мисалы, көлгө заманбап "Артек" курууга бардык шарттар бар. Орусиялык туристтер үчүн экологиялык эс алуу кызыктуу болот",- дейт Ниязалиева.
Экспедициянын жетекчиси Валентин Ефремов: "Орусиялыктардын көбү Кыргызстандын кооздугу тууралуу билиш үчүн бардык күчүбүздү жумшайбыз. Бул багытта бизде идея көп",- деп билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

