Жыл башынан бери өлкөгө жалпы суммасы 7 миллиард сомдон ашык каражатка дары-дармек импорттолгон
Өлкө аймагына 2014-жылдын 9 ай аралыгында жалпы суммасы 7 миллиард 141 миллион 195 миң сомду түзгөн дары-дармектер алынып келинген. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз катчысы Нурия Ташполотова билдирди.
Маалым болгондой, 9 ай аралыгында дарылык каражаттарды алып кирүүдөн түшкөн бажылык төлөмдөр 857 333 сомду түзгөн. Ал эми 2012-жылдын 9 айында өлкө аймагына 8 миллиард 506 121 сомдук дары-дармек алынып келинсе, 2013-жылдын ошол эле мезгилинде 9 миллиард 79 441 сомдук дары импорттолгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:51
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















