Тажикстан Ооганстан үчүн электр энергиясынын баасын кымбаттатты
Тажикстан Ооганстан үчүн электр энергиясынын тарифин кымбаттатты. Муну бүгүн, 26-ноябрда чет элдик маалымат булактары Тажикстандын өкмөтүнө шилтеме берүү менен жарыялашты. "Биз ооганстандык кесиптештерибиз менен жаңы тарифтерди бир ай мурун макулдашканбыз",- деп билдирет "Барки тоджик" ачык акционердик холдингдик компаниясынын төрагасы Рустам Рахматзода. Маалыматка таянсак, 110 киловаттык линия боюнча электр энергиясынын тарифи 44 пайызга жогорулады же 2,08 центтен 3 центке көтөрүлдү. Ал эми 220 киловаттык линия боюнча электр кубаты 3 пайызга же 3,78 центтен 3,79 центке өстү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

