Кыргызстандын түндүк аймагында бензин 20 тыйынга арзандады
Бишкек шаарында жана өлкөнүн түндүк облустарынын бардык аймактарында бензиндин баасы 20 тыйынга арзандады. Бул маалыматты бүгүн КРнын Экономика министрлигинин аймактар аралык башкармалыгы билдирди. Буга чейин Бишкек шаарында жана Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарында Аи-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 39 сом болсо, учурда 38,8 сом болууда. Ал эми Аи-80 үлгүсүндөгү 1 литр бензиндин баасы 32,1 сом болсо, учурда 31,9 сомдон сатылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

11:43
2025-06-25

Рейтинг:
0

