Москвада мигранттар үчүн патенттин 1 айлык баасы 4 миң рублга чейин жогорулайт
Орусиянын борбору Москва шаарында жана Москва облусунда мигранттарга жумушка орношууга уруксат берүүчү кагаздын (патент) баасы айына 1,3 миң рублдан 4 миң рублга чейин жогорулайт. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Москва шаардык думасы мигранттарга патенттин баасын жогорулатуу боюнча тиешелүү мыйзамды бекитти. "Эгер шаарда экономикалык кырдаал төмөндөп баратса, Москва өз алдынча патенттин баасын өзгөртүү же патентти берүүгө тыюу салуу укугун алган. 2015-жылдын 1-январынан тарта Орусияда патент тууралуу мыйзам күчүнө кирет. Ага ылайык, эмгек мигранты орусиялык визаны алууга милдеттендирилбей, жумушка уруксат берген кагазды сатып ала алат",- деп жазышат басылмалар.
Мындан тышкары жылдын башынан бери Москвада 700 миңден ашуун патент сатылгандыгы белгилүү болду. Жаңы патенттер алгачкы жылы эле Москванын бюджетине 12 миллиард рубль алып келери күтүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:42
2025-08-07

8:04
2025-08-07

18:25
2025-08-06

Рейтинг:
2

айына 4 мин руб.бул Москва жана Московская область учун бекитилди, патентттин баасын ар бир регион оз алдынча бекитет.Башка региондо россиянын европалык болукторунон арзан эле болот
ТС биринчи ирет экономикалык союз, ошондуктан анын эч кандай ролу жок.23-декабрда тс жана евразэс ти жактыруу учун московдо жыйын отот.Бирок анда да мингранттардын абалы тууралуу эч нерсе айтыла элек.
Азырынча так маалымат жок. Төмөнкү шилтемелер менен өтүп көрүңүз:
http://www.super.kg/kabar/news/82862/
http://www.super.kg/kabar/news/64593/
3 айда бир чыгып келе албайсыз, анкени 30 кун ичинде орус тилинени экзамен тапшырып сертификат,мед справка,инн сыяктуу документтерди чогултуп патент алганга жетишип калышыныз керек.Эгерде белгиленген убакта жетишпесениз кайра 90 кундон кийин гана кире аласыз же убактында олко аймагындан чыкпасаныз 3 жылга чейин кирууго тыю салынышы мумкун.
2015-жылдын 1-январындан тартып разрешения на работу (РНР) жоюлат.анын ордуна патент алып ишканаларда официалдуу турдо иш контрагын тузуп иштегенге болот.
Төмөнкү шилтеме менен өтүңүз:
http://www.super.kg/allsearch/?where_to_search=kabar&search_term=мигрант&x=10&y=6&media_search=1
Неге анткени мамлекетке жардам катары акча которулат. А элиме продукты кымбаттайт мигранттарга рубль менен сомбирдей бболып акча которууда уйуно не выгодно болуп калат