super.kg logo

Өлкө аймагында балдарды бала бакчага электрондук кезек жолу менен кабыл алуу тутуму жайылтылууда

 
Кыргызстанда балдарды бала бакчага электрондук кезек жолу менен кабыл алуу тутуму жайылтылууда. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, аталган тутум билим берүү жана илим тармагындагы коррупциялык иштерден ажыратуу максатында ишке киргизилүүдө. Ага ылайык, министрдин буйругу менен сайт аркылуу ачык жеткиликтүүлүк менен балдарды мектепке чейинки билим берүү мекемелерине электрондук кат жазуунун негизинде кабыл алуу тутуму жайылтылат. Бүгүнкү күндө Бишкек, Ош жана Жалал-Абадда сыноо тартибинде мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде электрондук кезек жайылтылууда. Эгер бул систем толук кандуу ишке киргизилсе, мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги кабыл алуу чөйрөсү ачык-айкындуулук менен камсыздалмакчы. Төмөндө көрсөтүлгөн электрондук даректер аркылуу жарандар кезектерди карап алса болот:
Бишкек шаары: edubishkek.кg
Ош шаары: oshbilim.kg
Жалал-Абад шаары: bbb.jalal-abad.kg

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: