Кыргызстанда инвесторлор үчүн керектүү маалымат базасы топтолууда
Кыргызстанда инвесторлор үчүн керектүү маалымат базасы топтолууда. Бул тууралуу Экономика министрлигинин алдындагы Инвестиция тартуу агенттигинин директору Нурбек Максүтов бүгүн, 27-ноябрда билдирди.
Анын айтымында, инвесторлордун көпчүлүгү кайда, кимге кайрыларын биле беришпейт. Ошондой эле алардын Кыргызстандагы рыноктун абалы тууралуу маалыматтары аз.
“Инвесторлор үчүн маалымат базасы даярдалып жатат. Буга чейин 2 айдай маалыматтарды чогултуу иштери жүргөн. Эми 3-4 айдын ичинде жумуштар толук бүтүп, маалымат базасы даяр болуп калат”,- дейт Нурбек Максүтов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:51
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















