super.kg logo

Бишкекте мамлекеттик тилдин бириктирүүчү ролу, чет мамлекеттин тажрыйбасын кабыл алуунун маселелери талкууланат

 

Бишкекте бүгүн, 27-ноябрда “Көп түрдүүлүк аркылуу Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнө карай” аталыштагы жыйын өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.  

Иш-чаранын алкагында мамлекеттик тилдин бириктирүүчү ролу, чет мамлекеттин тажрыйбасын кабыл алуунун  маселелери каралат. Иш-чарага КРнын Президентинин маалымат саясаты боюнча кеңешчиси Фарид Ниязов, КРнын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этникалар аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин  директору Накен Касиев, КРнын Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Эрнис Мамырканов, Грузиянын Коомдук биринчи каналынын "Улуттук азчылык үчүн" программасынын редакциясынын жетекчиси Зураб Двали, ЖМКнын жетекчилери, окумуштуу-лингвисттер, мамлекеттик тилди үйрөнүү усулдарын иштеп чыгуучулар, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн келүүсү күтүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: