super.kg logo

Саламаттыкты сактоо министри ооруканаларды кыш мезгилинде электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоону тапшырды

 

Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев министрликтин болуп өткөн коллегиясында облустардагы координаторлорду, ошондой эле министрликтеги жоопкерчиликтүү кызматкерлерди кыш мезгилинде дарылоо мекемелерин электр жарыгы менен камсыз кылуу иштерин күчөтүүнү жана катуу көзөмөлгө алууну тапшырды.

"Жылуулук сезонунун алдында жана электр жарыгын авариялык өчүрүү болгон учурларда облустардагы координаторлор жана министрликтин жоопкерчиликтүү кызматкерлери саламаттыкты сактоо мекемелерин электр энергиясы менен камсыз кылуу жана техникалык-уюштуруу маселелери боюнча иштерди күчөтүүсү зарыл",- деди Т.Батыралиев. 

Аны менен бирге облустардагы бүгүнкү күнгө чейин генераторлор менен камсыздалбаган дарылоо мекемелеринин координаторлоруна сөгүш жарыяланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: