Социалдык өнүктүрүү министри Москвадагы оор шартта жашаган үй-бүлөлөргө жардам берүүчү борборго барды
Кыргызстандын социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев Москвадагы оор шартта жашаган үй-бүлөлөргө социалдык кызмат көрсөтүү боюнча борборго барды. Муну 26-ноябрда аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууда оор шартта жашаган үй-бүлөлөргө социалдык кызмат көрсөтүүнүн тизмеси, укуктук-нормативдик базасы талкууланды. Министр аталган борбор менен Кыргызстандын ортосунда тажрыйба алмашууну жолго коюуну сунуштады.
Айта кетсек, министр Базарбаев Москва шаарына иш сапары менен барган, анда Орусиянын социалдык коргоо жана эмгек министри жана башкалар менен жолугушуу өткөрдү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

