super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Оторбаев энергетика тармагындагы коррупцияны жоготууга катуу көңүл буруларын билдирди

 
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев электр энергиясын бөлүштүрүүчү компаниялардын 9 айлык ишинин жыйынтыгы жана алардын кышка даярдыгы боюнча 26-ноябрда жыйын өткөрдү. Жолугушууда энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев, Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу департаментинин директору Нурбек Элебаев, "Жалал-Абад электр", "Ош электр", "Чыгыш электр", "Түндүк электр" жана "Бишкек жылуулук түйүнү" ишканаларынын директорлору катышты. 
Жыйында өкмөт жетекчиси акыркы мезгилде энергетикалык тармакта эффективдүү реформалар жасалганын, жаңы тарифтик саясат кабыл алынганын айтты. "Учурда энергетикалык тармактын ишине элдин ишеними жок. Электр энергиясын бөлүштүрүүчү компаниялардын инспекторлору кардарлар менен сүйлөшүп алууда, көмүскө схемалар менен иштеп жатат. Бул нерсе жакында, үч фазаларды өчүрүүдө болду. Мындан ары да, тактап айтканда, электр энергиясын абоненттер 700 киловатт-саттан ашык пайдаланганда да кайталанышы мүмкүн. Биз бул кырдаалды катуу көзөмөлдөйбүз жана энергетика тармагынын абсолюттук түрдө ачык болушуна жетишебиз",- деди Оторбаев.
Премьер-министр энергетикалык тармактагы реформалар үчүн электр энергиясын бөлүштүрүүчү компаниялардын башчылары жекече жоопкерчилик тарта турганын кошумчалады. "Энергетикалык компаниялар айтып жаткан коммерциялык жоготуу - бул уурулук. Силер аларды нөлгө түшүрүшүңөр керек. Дебитордук карыздын өсүшүнө жол берилбеши зарыл",- деди премьер. 
Жыйынтыгында өкмөт башчы электр энергиясындагы жоготууларды жана карыздарды азайтуу, төлөмдөрдү 100 пайызга чогултуу, жабдууларды алмаштыруу, оңдоо иштерин өз убагында бүтүрүү тапшырмасын бергенин билдирет өкмөттүн маалымат кызматы.   





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: