super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар бензин кийинки жылы да кымбатташы мүмкүн экенин айтышты

 

Кийинки жылы Орусияда күйүүчү майдын баасы кымбаттаса, мунун таасири Кыргызстанга да тиет. Муну депутат Элмира Жумалиева Жогорку Кеңештин 27-ноябрдагы жыйынында айтты. 

“Кыргызстанда доллардын сомго болгон курсунун жогорулашы менен баалар 20 пайызга кымбаттап кетти. Бажы биримдигине кирерибизге бир ай калды. Өкмөттүн маалыматына караганда, сырттан келген товарларга бажы алымдары 60 пайыз кымбаттайт. Андан сырткары батыш мамлекеттери Орусиядагы нефти компанияларына чектөөлөрдү киргизип жатат. Бул Кыргызстанга да таасирин тийгизбей койбойт. Алдын ала Орусиянын Каржы министрлиги “кийинки жылы Орусияда күйүүчү майдын баасы кымбаттайт жана ал баа узак убакытка сакталат” деп айтып жатат. Демек, бизде мындан да кымбат болушу мүмкүн”,- деди депутат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: