Чүй облусунда аскер комиссарынын орун басары пара алып жаткан жеринен кармалды
Чүй облусунун Москва районундагы аскер комиссарынын орун басары пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, аталган кызматкер М.Р.Н. аттуу жарандан жакын тууганын альтернативдүү кызматка чакыруу маселесин чечип берүү үчүн 30 миң сом талап кылган. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 30 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалган. Учурда “пара талап кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.