super.kg logo

Өткөн суткада өлкөдө 16 өрт кырсыгы катталып, Базар-Коргондо 280 чарчы метр үй өрттөнүп кетти

 

Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, акыркы суткада өлкө аймагында 16 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 16 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын 27-ноябрда берген маалыматына ылайык, Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда 8, Ош облусунда 1, Ош шаарында 1, Ысык-Көл облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 3 өрт кырсыгы катталган.

Ош шаарындагы Базар көчөсүндөгү дарыканалардын биринен өрт кырсыгы катталды. Анын кесепетинен дарыкананын кароолканасынын 18 чарчы метр шифер жабылган чатыры жана төшөнчүлөр толугу менен күйүп кеткен. Өрттүн келип чыгуусуна бөлмөдөгү мештин туура эмес орнотулгандыгы себеп болгон.

Ошондой эле Базар-Коргон районунда 280 чарчы метр жыгач устундуу, шифер жабылган турак үй, 3 сыналгы, 3 эмерек, килемдер, төшөктөр, стол, отургуч, эшик жана терезелер күйүп кеткен. Өрттүн келип чыгуусуна электр шаймандарын колдонууда коопсуздук эрежелерин бузуу себеп болгон. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: