super.kg logo
  Спорт  

Мурат Саралинов: "Кумда ойнолуучу Азия оюндарына даярдыкты күчөтүп, 6дан көп медаль алсак болот"

 

Бүгүн, 27-ноябрда жакында Таиланддын Пхукет шаарында аяктаган кумда ойнолуучу Азия оюндарынын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйыны орун алып жатат. Анда сөз алган Улуттук Олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралинов бул көрсөткүчтү жогору баалады. "Ар эки жылда бир уюшулуучу оюндарда биз буга чейин байгелүү орундарды дээрлик ээлеген эмеспиз. Бул жолу 4 спорт түрү боюнча аз сандагы спортчуларды жибергенибизге карабай 6 медаль алдык. Балким, машыктыруучулар федерациялар менен жакшы байланышып, эрежелер менен кенен таанышып чыгышса, мындан жакшы жыйынтыктарга жетишмекпиз",- деди ал. Ал эми Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Кадырбек Эргешов кумда ойнолуучу спорт түрүн Кыргызстанда өнүктүрүү керек экенин айтты. Бизде бул үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр бар экенин, Ысык-Көл жээгинде машыгууларды өткөрсөк болорун белгиледи ал. 

Кошумчалай кетсек, кумда ойнолуучу Азия оюндары 14-23-ноябрь аралыгында өтүп, ага 38 мамлекеттин спортчулары 26 спорт түрү боюнча катышышты. Кыргызстандын курамында Артур Те (самбодон, 68 килограмм салмакта), Бекболсун Кушубаков (күрөш, 80 килограммдан жогорку салмакта), Мирбек Сарткалмаков (тай бокс, 60 килограмм салмакта) күмүш медалдарды алып келишсе, колону Валерия Уварова (айкалышкан 5 спорт түрү), Бекжан Матысоев (тай бокс, 67 килограмм салмакта) жана Мирбек Качкынбаев (тай бокс, 71 килограмм салмакта) багындырышкан. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
27.11.2014. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мурат Назарбековичти сыйлайм,аябай жонокой жакшы киши.Кыргызстандагы спотрттун онугушуно салымы чон,дагы да коптогон жетишкендиктеди каалайм,иштерине ийгилик.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: