super.kg logo
  Саясат  

Парламентте айрым кылмыштар үчүн камчы менен сабоо жазасын киргизүүнү сунушташты

 

Бүгүн, 27-ноябрда Жогорку Кеңеште депутат Дастан Бекешев Кыргызстанда айрым кылмыштарга дене жазасын киргизүүнү сунуштады. Анын айтымында, мындай демилге өлкөдөгү абактар толуп калгандыгына байланыштуу. "Ар дайым мунапыс жолу менен абактагыларды бошотуу болбойт экен. Мен колдорду, манжаларды кесип салуу керек деп айткан жокмун. Сингапурдун тажрыйбасына көңүл бурсак, ал жерде уурдоо, алдамчылык, бейбаштык үчүн дене жазасы каралган. Мисалы, жол эрежесин бузган адамды 5 жолу камчы менен урушат. Биздин адистер, өкмөт жана парламент бул сунушту карап чыгышса туура болот. Эгер демилге ишке ашса, бир топ акча каражатты үнөмдөй алабыз",- деди Бекешев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: