Курманбек Бакиевдин жакын адамы Пайзулла Рахманов 1 айга камакка алынды

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 31-январда экс-президент Курманбек Бакиевдин жакын адамы Пайзулла Рахмановду 28-февралга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Эске сала кетсек, эл аралык издөөдө жүргөн Пайзулла Рахманов Казакстанда кармалып, 29-январда Кыргызстанга өткөрүлүп берилген. Ал "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча айыпталууда. Рахманов Бакиевдин бийлиги тушунда Бишкек шаарындагы Свердлов районунун акими, КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резерв агенттигинин директору болуп иштеген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

9:35
2025-06-26

23:03
2025-06-25
Рейтинг:
2

Комментарийлер(1)
Xamer

01.02.2013. 17:13
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн туура, бир кун Губернатор болом деп, эми 1 ай СИЗОдо жат
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.