super.kg logo

Ысык-Көлдө жер титирөөдөн жабыр тарткандарга гуманитардык жардам жеткирилди

 

Ош шаардык мэриясынан жана Ош, Баткен, Чүй, Нарын, Жалал-Абад жана Талас облустук администрациялары тарабынан жөнөтүлгөн гуманитардык жардам (тамак-аш азыктары, курулуш материалдары жана көмүр), 21 оор жүк ташуучу унаанын (7 оор жүк ташуучу унаа КР ӨКМнын унаалары) жардамында Ысык-Көл облусунун Тоң районуна жеткирилди.

ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 27-ноябрда билдиргендей, жалпы Ысык-Көл облусу боюнча 2833 арыз түшкөн, 2833 турак үй жана 47 социалдык объект текшерүүдөн өтүп, анын ичинен 951 турак үй жана 15 социалдык объект I даражада, 1362 турак үй жана 18 социалдык объект II даражада, 284 турак үй жана 13 социалдык объект III даражада, 163 турак үй жана 1 социалдык объект IV даражада зыянга учураган.

Эске салсак, 14-ноябрь күнү болуп өткөн жер титирөөнүн кесепетинен жабыркаган турак жайларды жана социалдык объекттерди Жарандык коргонуу комиссиясы текшерүүдө.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: