Кыргызстан курамасы кумда ойнолуучу Азия оюндарында 38 команданын ичинен 28-орунду ээледи
Валерия Уварова


Валерия Уварова

Бекболсун Кушубаков

Артур Те


Кыргызстан курамасы Таиландда кумда ойнолуучу Азия оюндарында 38 команданын ичинен 28-орунду ээледи. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда маалымат жыйынынын жүрүшүндө Улуттук Олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралинов билдирди.
Анын айтымында, оюндарда жалпысынан 26 спорт түрү боюнча кармаштар болгон. Ал эми спортчулар мелдештин жүрүшүндө дене күйгүзгөн ысыктан оң таасир алганын айтып беришти.Эске салсак, кумда ойнолуучу Азия оюндарында Кыргызстандын курамында Артур Те (самбодон, 68 килограмм салмакта), Бекболсун Кушубаков(күрөш, 80 килограммдан жогорку салмакта), Мирбек Сарткалмаков (тай бокс, 60 килограмм салмакта) күмүш медалдарды алып келишсе, колону Валерия Уварова (айкалышкан 5 спорт түрү), Бекжан Матысоев (тай бокс, 67 килограмм салмакта) жана Мирбек Качкынбаев (тай бокс, 71 килограмм салмакта) багындырышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.