super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар "жарнак" деген сөздү "жарнама" деп өзгөртүүгө каршы чыгышууда

 
Жогорку Кеңештин 27-ноябрдагы жыйынында депутаттар "жарнак" деген сөздү "жарнама" деп өзгөртүүгө каршы чыгышууда. Мыйзам долбоорунун демилгечилери "жарнак" деген сөздүн түпкү мааниси башкача экенин, ошондуктан аны колдонуудан алып салуу керектигин билдирип, бирок көпчүлүк депутаттар буга каршы чыгышты. Депутат Гүласал Садырбаева "Жарнак", "жарыя" - кыргыздын төл сөзү. Бир нерсени жарыялаган адамдарды кыргыздар жарчы деп аташат. "Жарнама" деген сөздүн мүчөсү өзбектердин "наама" деген сөзүнөн алынган. Мен филолог болбосом да, муну бардык жерде талаша алам. Ар кимдин сөзүн ала бербей, кыргыз тилин байытышыбыз зарыл. Андыктан "жарнак" деген сөздү алмаштырууга зарылчылык жок",- деди. 
Мыйзам долбоору добуш берүүгө жиберилди. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: