super.kg logo

Борбордогу курал сатуучу дүкөндөрдүн бири балдардын коопсуздугуна коркунуч жаратканы айтылууда

 

Баш калаанын №64-мектеп-гимназиясынын имаратында жайгашкан “Эдельвейс” спорттук-мергенчилик курал дүкөнү балдардын коопсуздугуна коркунуч жаратууда. Бул тууралуу 27-ноябрда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Жогоруда аталган мектептин диектору Фаима Чажалиева: “Ушул күнгө чейин бул дүкөндүн алдына кымбат үлгүдөгү унаалар келет. Унаалар мектептин алдына келип токтошот. Күн сайын балдар унаанын алдында калып калат деген коркунуч менен жашайбыз. Андан тышкары мага мектептин мугалими катары дүкөндө кандай куралдар сатылып жатканы белгисиз. 1800 окуучу билим алып, 150 мугалим эмгектенип келген №64-мектеп-гимназиясынын жарылуусуна же өрт чыгып кетишине аталган дүкөн себепчи болушу мүмкүн”,- деди.

Маалым болгондой, шаар башчысы аталган дүкөндү тез арада бошотууга буйрук берди. Муниципалдык менчик башкармалыгы менен “Эдельвейс” курал дүкөнүнүн ижара келишим мөөнөтү 2014-жылдын 1-майында бүткөн. Бирок ага карабастан, бүгүнкү күнгө чейин иштеп келет. Бишкек мэриясынын кызматкерлери укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен биргеликте абалды териштирүү максатында атайын көчмө жыйын өткөрдү. Текшерүү учурунда аталган дүкөндүн ээси ордунда болгон эмес. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери курал дүкөнүнө пломба салып, эскертүү калтырып, акт түзүштү. Аталган дүкөндү бошотуп бербесе, Октябрь райондук сотуна жиберилет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: