Сайдулла Нышанов: "Малды паспорттоштуруу иши акчанын жоктугунан улам башталбай турат"
Кыргызстанда жаныбарларды идентификациялоо боюнча мыйзам долбоору акчанын жоктугунан улам иштебей жатат. Муну депутат Сайдулла Нышанов "Парламент" радиосунун 27-ноябрдагы түз эфиринде билдирип, тийиштүү акчаны Польша бергени жатканын кошумчалады. "Польша өкмөтү Кыргызстандын айыл чарбасын өнүктүрүүгө 40 миллион евро суммасында насыя бөлгөнү жатат. Мунун 16 миллиону малды паспорттоштуруу ишине жумшалат. Сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, аталган насыя жакын арада берилип калат. Мунун арты менен Кыргызстандагы малдын так саны да аныкталып калмак. Азыр өлкөдөгү малдын болжолдуу гана санын пайдаланып жатабыз",- деди депутат.
Автор: Автандил Добулбеков
Айта кетсек, тийиштүү мыйзамга ылайык, өлкөдө жаныбарларды паспорттоштуруу иши 2017-жылы аяктоого тийиш.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

