super.kg logo
  Саясат  

Жаңы курамдагы Сотторду тандоо кеңешинин биринчи жыйыны өтүүдө

 

Бүгүн, 27-ноябрда жаңы курамдагы Сотторду тандоо кеңешинин жыйыны өтүп жатат. Жыйында Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева Судьяларды тандоо кеңешинин жаңы курамына тарыхый миссия жүктөлүп жатканын айтты. “Коомчулук сот реформасы токтоп калды деп эсептейт. Андыктан сиздер бул багытта реформа иштери улантылып жаткандыгын далилдешиңиздер керек. Ошондой эле көз карандысыз судьяларды шайлашыңыздар зарыл”,- дейт Жамашева.

Депутат Токтогул Туманов Сотторду тандоо кеңешинин мурунку курамынын иши жарандардын нааразычылыгын жаратканын айтты. “Коррупциянын элементтери белгиленген, андыктан аракеттеги мыйзамдарга тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилди”,- дейт Туманов. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: