Азамат Байматов дүйнөнүн мыкты футболчусун жана машыктыруучусун аныктоодо Криштиану Роналду менен Карло Анчелоттиге добуш берди



Александр Крестинин
ФИФАнын версиясы боюнча "Дүйнөнүн мыкты футболчусу" жана "Мыкты машыктыруучусу" наамына негизиги 3 талапкерди аныктоо иштери жүрүп жатат. Бул үчүн Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) курамына кирген улуттук курама командалардын башкы машыктыруучулары жана капитандары добуш беришүүдө. Бүгүн, 27-ноябрда КРнын Футбол федерациясынан кабарлашкандай, четте калбай Кыргызстан курамасынын капитаны Азамат Байматов менен башкы машыктыруучу Александр Крестинин да өз добуштарын беришти.
Автор: Максат Кудайбердиев
Фото: Интернеттен алынды
Азамат Байматов “Мыкты футболчу” наамына талапкерлерден португалиялык Криштиану Роналдуга, германиялык Филипп Ламга жана аргентиналык Лионель Мессиге добуш берди. А.Байматов машыктыруучулардан Карло Анчелотти ("Реал"), Йоахим Лёв (Германия курамасы) жана Жозе Моуринью ("Челси") сыяктуу ысымдарды атады.
Жакында гана улуттук курама команданы машыктырып баштаган Александр Крестининдин тизмеси төмөнкүчө:
Футболчулар: Томас Мюллер (Германия), Филипп Лам (Германия), Мануэль Нойер (Германия).
Машыктыруучулар: Йоахим Лёв (Германия), Луи Ван Гал (Голландия, "Манчестер Юнайтед"), Диего Симеоне (Аргентина).
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(3)
Nursss_Real_Madrid

27.11.2014. 13:48
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Роналдуга бергенден кийин Мессиге бербейле койбойбу дейм да
AzaNiga

27.11.2014. 15:58
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nursss_Real_Madrid, аны өзү билет да
ulukbek

27.11.2014. 19:06
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
роналду алат буйурса
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.