super.kg logo
  Саясат  

Исмаил Исаков: "Кыргызстан бир стандарт менен жашаганды үйрөнүшү керек"

 
Жогорку Кеңештин 27-ноябрдагы жыйынында депутат Исмаил Исаков Кыргызстанга оң рулдуу автоунааларды алып кирүүгө тыюу салууну колдой турганын билдирди. "Кыргызстан бир стандарт менен жашаганга үйрөнүшү керек. Качанга чейин баш аламандык боло берет? Туура, "таксисттер оң рулдуу унаалар менен үй-бүлөсүн багып жатат" дешиңер мүмкүн. Бирок адам өмүрү баарынан кымбат, жол кырсыктарына оң рулдуу унаалар көп кабылууда. Мамлекет тартипти бекем кармоосу менен гана күчтүү",- дейт депутат.
Исаков өкмөт өкүлүн Бишкек шаарынын Чүй-Алматы көчөлөрүнүн кесилишиндеги кырдаалды жөнгө салууга чакырды. "Кечки саат 6ларда аталган көчөлөрдүн кесилишинде унаа тыгыны жаралат. Эки милиция турганы менен, аларды эч ким укпайт. Баары тыгылып туруп алышкан. Муну чечүүнүн башка жолдору жокпу? Мэрияга канча жолу айтканыбыз менен, жыйынтык чыкпай жатат",- деп кошумчалады.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: