Кыргызстанга оң рулдуу унааларды киргизүүгө тыюу салынса, бюджетке 1 миллиард 425 миллион сом түшпөй калат
Кыргызстанга оң рулдуу унааларды киргизүүгө тыюу салчу мыйзам буга чейин киргизилген жана пайдаланылып жаткан оң рулдуу унааларга тийиштүү эмес. Муну парламенттин 27-ноябрдагы жыйынында экономика министринин орун басары Адылбек Касымалиев билдирди. Өлкөгө оң рулдуу унааларды киргизүүгө тыюу салынгандан кийин бюджетке жыл сайын 1 миллиард 425 миллион сом түшпөй калары айтылды. Депутаттар сол рулдуу унаалар кымбат экенин, мыйзам кабыл алынса, карапайым калкка кыйынчылык жарала турганын айтышууда.
Автор: Автандил Добулбеков
Айта кетсек, парламент өлкөгө оң рулдуу унааларды киргизүүгө тыюу салуучу мыйзам долбоорун талкуулап жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

