Талант Узакбаев "кеп оң рулдуу унааларда эмес, айдоочулук күбөлүктү сатып алгандарда" дейт
Кыргызстандагы жол кырсыктарынын баарына эле оң рулдуу автоунааларды күнөөлөө туура эмес. Муну депутат Талант Узакбаев парламенттин 27-ноябрдагы жыйынында билдирди. Анын айтымында, жол кырсыктары айдоочулук тажрыйбасы жоктордун айынан келип чыгууда. “Биз биринчи кезекте жарандардын кызыкчылыгын ойлошубуз керек. Айдоочулук күбөлүктү сатып алууну көзөмөлгө алышыбыз зарыл, ошондо жол кырсыктары азаят. Билесиңер, оң рулдуу унааларды азыр айылда дыйкандар минип жүрүшөт, анткени баасы арзан. Мен деле 2 жылдай оң рулдуу унаа айдап жүрдүм, мындай унаалардын артыкчылыктары көп”,- дейт депутат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

