super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Бүгүн түнкүсүн жана эртең Бишкектин жана Чүйдүн айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт

 
Аба чубалгылары менен бир катар көмөк чордондорундагы оңдоо иштерине байланыштуу 28-ноябрда Бишкектин жана Чүйдүн айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" АККнын басма сөз кызматы билдирди.  

Маалыматка ылайык, 27-ноябрдан 28-ноябрга караган түнү саат 00:00дөн 04:00гө чейин Бишкек шаарындагы Жибек Жолу-Ибраимов көчөсүнөн Жибек Жолу-Будённый көчөсүнө чейинки жана Жибек Жолу көчөсүнөн Осмонкул көчөсүнө чейинки барчаларда жарык өчөт.

28-ноябрда саат 10:00дөн 12:00гө чейин Скрябин көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейин, Матросов көчөсүнөн Кара-Дарыя көчөсүнө чейин электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт. 

Саат 09:00дөн 17:00гө чейин Токтоналиев көчөсүндөгү №48-көп кабаттуу үйдө, Келечек, Мурас-Ордо конуштарында “Центральная-6” көмөк чордондорунда профилактикалык иштер жүргүзүлөт. Мындан сырткары  үй ичиндеги тармактары, “Төмөнкү Ала-Арча” көмөк чордонунан тараган 10 кВт аба электр чубалгылары, “Атабаев” көмөк чордонунан тараган 6 кВт кабелдик чубалгылары оңдолот.

Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Байтик, Лесхоз, Озёрное, Рассвет, Ленинское (айланып өтмө жолдон мечитке чейин), Октябрьское (1-бөлүм), Виноградное, Полевое айылдарында, Теңдик, Келечек, Мурас-Ордо конуштарында, Жайыл районуна караштуу Кызыл-Дыйкан айылында, Сокулук районуна караштуу Гавриловка (Дружба, Забайкальская, Южная, Восточная, Фрунзе көч.) айылында, Шопоков (Футбольная, Машиностроительная, Мир, Фрунзе көч.) шаарында электр жарыгы үзгүлтүккө учурашы ыктымал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: