super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт: Кыргызстанга Эбола вирусун киргизбөө үчүн тийиштүү иштер жасалууда

 

Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги учурда өлкө аймагына Эбола вирусунун кирүүсүнүн жана жайылышынын алдын алуу боюнча тийиштүү иш-чараларды жүргүзүүдө. Муну бүгүн, 27-ноябрда өкмөттөн билдиришти. Саламаттык сактоо министрлиги бул жааттагы иштерди күчөтүү үчүн атайын буйрук чыгарган. Мамлекеттик чек ара пункттарынан өтүүдө санитардык-көзөмөлдөө пункттарынын медицина кызматкерлери тепловизордун жардамы менен жарандардын дене табынын жогорулоосуна карата текшерүү жүргүзүүдө.

"Иш-аракеттердин жалпы координациясы жана кызыкдар мамлекеттик түзүмдөр (ТИМ, МЧК, ӨКМ) аралык өз ара иш жүргүзүлүүдө. Эпидемиологиялык абалды үзгүлтүксүз чагылдыруу максатында телеберүү, башка маалымат каражаттары аркылуу медициналык адистердин катышуусундагы 10 берүү тартууланган. Саламаттыкты сактоо кызматкерлери үчүн Эбола вирусунун алдын алуу маселеси боюнча 235 врачтын жана 112 медайымдын катышуусунда 12 семинар өткөрүлгөн",- деп билдирет өкмөт.

Саламаттык сактоо уюмдары боюнча 15 миң комплект жеке коргонуу каражаты сатылып алынып, таркатылганы кошумчаланды. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: