Жогорку Кеңеш Жумамүдүн Шералиевдин 100 жылдык мааракесин белгилөө боюнча токтом кабыл алды
Бүгүн, 27-ноябрда Кыргыз ССРинин Эл артисти, композитор Жумамүдүн Шералиевдин 100 жылдык мааракесин өткөрүү жөнүндө Жогорку Кеңеш токтом кабыл алды. Токтомдо өкмөткө 2015-жылы Ж.Шералиевдин 100 жылдыгын өткөрүү боюнча уюштуруу комиссиясын түзүү жана тиешелүү иш-чараларды кабыл алуу тапшырмасы каралган.
Айта кетсек, Ж.Шералиев кыргыз улуттук маданиятын жана искусствосун өнүктүрүүгө чоң салым кошкон. Ал 700дөн ашуун чыгармага музыка жана обон жазган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

