Кедей үй-бүлөлөрдүн автоунаа сатып алышы депутаттардын талашына түштү
Парламент депутаты Дамира Ниязалиева Кыргызстанга оң рулдуу автоунаалардын киргизилбей калышына каршы. Өз пикирин депутат парламенттин 27-ноябрдагы жыйынында төмөнкүчө түшүндүрдү. "Оң рулдуу унааларды өлкөгө киргизбей коюуну убактылуу токтотуп турушубуз керек. Кыргызстандын жарандары сол рулдуу жаңыраак автоунааларды сатып ала алышпайт. Анткени салыштырмалуу баалары кымбат. Эмне, жакыр жашаган жарандарыбыз жөө жүрүшү керекпи? Карапайым жарандардын кызыкчылыгын коргошубуз керек. Айлыктар көбөйүп, элдин жашоосу оңолгондон кийин тыюу салсак, колдойм".
Автор: Автандил Добулбеков
Мындай пикирге депутат Сайдулла Нышанов каршы. "Кедейлер сол рулдуу гана эмес, дегеле унаа ала алышпайт. Демилгени колдошубуз керек. Адам өмүрү баарынан кымбат",- деди депутат.
Кыргызстанга рулу оң жагындагы унааларды алып кирүүгө тыюу салууга багытталган мыйзам долбоору добуш берүүгө жиберилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
-1

