super.kg logo
  Саясат  

Ысык-Көлдөгү жер титирөөнүн алып келген чыгымы 42 миллион сом экени айтылды

 

Бүгүн, 27-ноябрда Жогорку Кеңеште Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облусунун Тоң жана Жети-Өгүз райондорунда болгон жер титирөөнүн кесепеттери, табигый кырсыктан жапа чеккен жергиликтүү тургундардын абалы, аларга көрсөтүлүп жаткан жардамдар тууралуу маалыматы угулду.

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Давлетбек Алимбековдун маалыматына караганда, жергиликтүү калктын турак жайларына 35 миллион сом өлчөмүндө зыян келтирилгени аныкталып, азыр социалдык объектилерге келтирилген зыяндын көлөмү такталып жатат. Жалпы зыян азырынча 42 миллион сомду түздү. Иликтөө иштери улантылууда.

Өлкө аймактарынан табигый кырсыктан жапа чеккендерге жардам катары 5 миллион сомдук кайрымдуулук жардамы жөнөтүлдү. Андан тышкары өкмөт тарабынан 50 миллион сом акча каражаты каралды. Ал жакында келтирилген зыяндын өлчөмүнө жараша таркатылып бериле баштайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: