Ажибай Калмаматов, Бажы союзу боюнча: "Эч нерсе болбойт, 10-11 жыл Лада минип турабыз"
Жогорку Кеңештин 27-ноябрдагы жыйынында депутат Ажибай Калмаматов Кыргызстан эртеби-кечпи оң рулдуу автоунаалардан арылышы керектигин билдирди. Депутат өлкөгө япониялык унааларды киргизбей коюу демилгеси өз учурунда көтөрүлүп жатканын айтып: "Оң рулдуу унааларды жарандардын коопсуздугу үчүн өлкөдөн жоготушубуз зарыл. Бажы биримдигине кирсек, 10-11 жыл Орусиянын Ладасын минип турабыз. Эч нерсе болбойт, буга чейин деле минип жүргөнбүз. Бара-бара өлкөдө жалаң сол рулдуу унаалар жүрүп баштайт",- деди.
Автор: Автандил Добулбеков
Экономика министринин орун басары Адылбек Касымалиевдин айтымында, тийиштүү мыйзам кабыл алынгандан 6 айдан кийин күчүнө кирет. Ага чейин өлкөдөгү оң рулдуу автоунааларды каттатып алуу мүмкүнчүлүгү болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

