super.kg logo

Оштун борбордук базарындагы мыйзамсыз курулуштар тазаланууда

 

Бүгүн, 27-ноябрдан тарта Ош шаарынын борбордук базарындагы Үч-Көчө, Ош жана Базар көчөлөрүндө жайгашкан мыйзамсыз курулуштар тазаланууда. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул кезге чейин Кара-Суу-Ленин көчөсүн байланыштыруучу борбордук базардан өткөн мыйзамсыз соода жайлары курулуп калгандыктан, маршруттук каттамдарга тоскоолдук болуп жаткандыгы айтылган. Ошол эле күнү вице-мэр протоколдук тапшырма берип, мыйзамсыз курулуштар алынышы керектигин билдирген эле. Ага байланыштуу бир нече жолу эскертүү кагазы берилгенине карабастан, соода-сатык жайлары алынган эмес. Ош шаардык мэриясынын шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы Алтынбек Пирматов: "Бул жерде мыйзамсыз жайларды орнотуп соода-сатык кылып жаткандарга бир нече жолу эскертүү берилип, базардын ичинен жай бөлүнүп берилген. Бирок алар эл көп өтөт дешип мындан кетпей жатышат. Биз 5-6 адамдын кызыкчылыгынан жалпы шаардын элинин кызыкчылыгын бийик коюу максатында буларды жылдырып жатабыз. Мындан ары бул жерге кайтып келбеш үчүн атайын күч органдарын алып келип, көзөмөлдөп турабыз. Ошондой эле Курманжан датка көчөсүн бойлой Тешик-Таштын айланасындагы мыйзамсыз курулуштарды тазаламакчыбыз",- деп билдирди.

Ал эми Ош шаардык базар дирекциясынын директорунун орун басары Арынбек Айтбаевдин айтымында, бул мыйзамсыз жайларды тазалоо кыйынга туруп келген. "Мындай курулуштар мурунку Базар дирекциясынын мезгилинде коюлуп калган экен. Биз алсак кайра эле түн ичинде келип куруп, чыгып алып жатышкан. Эми мэриянын берген жардамы менен тазаланганы жакшы болду",- деди Айтбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: