super.kg logo
  Саясат  

Баткен шаардык кеңешинин депутаты Тажикстанда 10 жылга эркинен ажыратылды

 
Баткен шаардык кеңешинин депутаты Икрам Сиддиков Тажикстан мамлекетинде 10 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу “Интерфакс” агенттиги депутаттын жактоочусу Абдрахман Тураевге шилтеме берип жарыялады. Согдий облустук соту аталган кыргыз депутатын “Контрабанда”, “Күчтүү таасир этүүчү жана уулуу каражаттарды мыйзамсыз айландыруу” беренелери боюнча айыптуу деп тапты. Эске сала кетсек, Икрам Сиддиков ушул жылдын 20-июнунда кыргыз-тажик чек арасында колго түшүп, анын унаасынан 103 килограмм мыйзамсыз сымап табылган. Аны менен бирге Чыңгыз Абдрахманов жана тажик жараны Екубхуджа Хомидов кармалып, аталган экөө 8-9 жылга эркинен ажыратылды. Аталган адамдар кармалгандан кийин Баткен шаарынын жашоочулары тажикстандык 16 адамды туткунга алып, кармалгандарды бошотуу талабын коюшкан. Туткунга алынган жарандарды баткендиктер тажик тараптын “акыйкат иш жүргүзөбүз” деген убадасынан соң бошотуп беришкен болчу.   





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: