super.kg logo
  Саясат  

Депутат Нурлан Төрөбековдун кылмыш иши боюнча түзүлгөн комиссиянын отчётун угуу дагы бир жумага жылдырылды

 

Жогорку Кеңеш бүгүн, 27-ноябрда депутат Нурлан Төрөбековдун кылмыш иши боюнча түзүлгөн комиссиянын отчётун кароону кийинки аптага жылдырды. Мындай чечимдин кабыл алынышына депутаттын ооруп калып, жыйынга келе албаганы себеп болду. Жыйында кесиптеши Майрамкүл Тиленчиева: “Нурлан Төрөбековдун өзү ооруп жаткандыктан, бүгүнкү комиссиянын отчётун карабай эле коёлу. Биз маселени кароону жылдырууну суранабыз”,- деп билдирди.

Айта кетсек, башкы прокурор Аида Салянова Нурлан Төрөбековго карата жогорку билим жөнүндөгү жасалма дипломдун көчүрмөсүн колдонгондугу үчүн кылмыш ишин козгогон. Бул маселени иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлүп, ага депутаттар Курманбек Дыйканбаев, Кантемир Мурзабеков, Райкан Төлөгөнов, Майрамкүл Тиленчиева, Мурадыл Мадеминов кирген. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: