Жогорку Кеңеш оң рулдуу унааларды өлкөгө киргизүүгө тыюу салган мыйзам долбоорун добуш берүүгө жиберди
Жогорку Кеңештин 27-ноябрдагы
жыйынында жол коопсуздугу үчүн оң рулдуу унааларды Кыргызстанга киргизүүгө тыюу
салууга багытталган мыйзам долбоору
каралды. Аталган мыйзам долбоору депутаттардын кайчы пикирин жаратты.
Айрым депутаттар сол рулдуу унаалар кымбат экенин, мыйзам кабыл
алынса, карапайым калкка кыйынчылык жарала турганын айтса, кээ бири адамдын өмүрү кымбат
турарын айтып, оң рулдуу унаалардын ташылып келишине каршы
чыгышты.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Баяндамачынын айтымында, мыйзам долбоору жол коопсуздугунун алдын
алууга багытталган. Экономика министринин орун басары Адылбек
Касымалиев быйыл 10 айда өлкөдө 6 миң жол кырсыгы катталып, анын 23
пайызына оң рулдуу унаалар катышканын айтты.
Жыйынтыгында эл өкүлдөрү
азыртадан оң рулдуу унааларга тыюу салынбаса, келечекте сол рулдууларга тыюу
салуу керек болуп каларын айтышып, мыйзам долбоору биринчи окууда добуш
берүүгө жиберилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

