super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин делегациясы Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясынын жыйынына катышты

 
Жогорку Кеңештин делегациясы 27-ноябрда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясынын жетинчи пленардык жыйынына катышты. Жыйын катышуучулары ЖККУ ПАнын катчылыгына 2016-2020-жылдарга карата программанын долбоорун иштеп чыгууда Чек ара аскерлеринин Кол башчылар кеңеши, КМШга мүчө мамлекеттердин Башкы прокурорлор кеңешинин Координациялык катчылыгы, КМШга мүчө мамлекеттердин Каржы чалгыны бөлүктөрүнүн жетекчилер кеңешинин катчылыгы тарабынан берилген сунуштарды эске алуу тапшырмасын берди. Пленардык жыйын бир катар ЖККУга мүчө мамлекеттердин мыйзамдарын: "качкындар жана баш паанек издеген жактардын", "кыйла маанилүү объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү" жана "маалыматтык-коммуникациялык коопсуздук" жаатындагы мыйзамдарын өз ара шайкеш келтирүү боюнча маселелерди ЖККУга мүчө мамлекеттердин парламенттерине жөнөтүү, ошондой эле уюмга мүчө мамлекеттердин тиешелүү тармактарга тийиштүү мыйзамдарын өркүндөтүү ишинде колдонууга сунуштоо тууралуу токтом кабыл алганын ЖКнын маалымат кызматы билдирди. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: