Бишкекте сот системиндеги коррупцияга каршы күрөшүү маселеси талкууланып жатат




Бүгүн, 28-ноябрда Бишкек шаарында "Сот адилеттигин жүзөгө ашыруу тармагында коррупцияга каршы күрөшүү жана алдын алуучу чаралар" деген аталышта тегерек стол өтүүдө.
Автор: Нургазы Аматов
Фото: Нургазы Аматов
Иш-чара сот түзүмдөрүндөгү коррупцияга каршы туруу жана аны менен күрөшүү маселелери боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана аларды талкуулоо үчүн ачык аянтча болуп берүүдө. Ошону менен бирге коррупцияга каршы туруу тармагындагы иштерди мындан ары өркүндөтүүгө да шарттар түзүлүүдө.
Тегерек столдо КРнын Жогорку Сотунун төрайымы Феруза Жамашева, Жогорку Кеңештин Сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча комитетинин төрагасы Токтогул Туманов, КРнын Президентинин аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы Индира Жолдубаева, министрлер, укук коргоочулар, прокуратура өкүлдөрү жана эл аралык долбоорлордун мүчөлөрү катышууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:9
2025-08-07

15:58
2025-08-07
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.