super.kg logo
  Саясат  

Ыргал Кадыралиева ички мигранттардын балдарынын социалдык коргоо маселесин көтөрүүдө

 
Жогорку Кеңештин депутаты Ыргал Кадыралиева Кыргызстандагы ички мигранттардын балдарынын социалдык кызмат алууга жетишүүсү тууралуу маселе көтөрүүдө. Демилге парламенттин Социалдык саясат комитетинин 2-декабрдагы жыйынында каралат. Жыйынга мамлекеттик органдардын башчылары, жарандык коомдун өкүлдөрү жана башкалар катышарын 28-ноябрда ЖКнын маалымат кызматы кабарлады. "Кыргызстанда учурда ички мигранттардын балдарын социалдык жактан коргоо маселеси курч бойдон турат. Мигранттар өздөрүн гана эмес, балдарын да социалдык тобокелдиктерге салууда. Каттоонун жоктугунан улам жарандар социалдык, медициналык жана укуктук кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалана албай жатышат. Бул ички мигранттардын балдарына катуу таасир этүүдө",- деп айтылат маалыматта. 
Вице-премьер-министр Эльвира Сариева, Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматовдун баяндамалары угулуп, жыйын соңунда тийиштүү чечим кабыл алынмакчы. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: