Сот системи начар каржылангандыгынан улам судьялар сот имараттарын өз каражаттарына оңдошууда



Сот системи начар каржылангандыгынан улам судьялар сот имараттарын өз каражаттарына оңдошууда. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда тегерек столдун жүрүшүндө Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева билдирди.
Автор: Нургазы Аматов
Фото: Нургазы Аматов
Анын айтымында, сот имараттарынын материалдык-техникалык камсыздалышы начар абалда болууда. "Кыргызстандагы сот имараттарын сарай деп атоого болбойт. Алардын көбү нормаларга жооп бербейт. Айрымдары авариялык абалда. Кээ бир соттор ижарага алынган имараттарда жайгашкан. Судьялар оңдоо иштерин өз акча каражаттарына жасашууда",- деди Жамашева.
Мындан тышкары ал мунун баары судьялардын статусуна терс таасир тийгизерин баса белгиледи. "Нарында жана Ошто сот отурумунун жүрүшүндө тополоң орун алган учурлар болгон. Судьялардын жана отурумдун катышуучуларынын коопсуздугу үчүн сот аткаруучулар кызматын киргизүү туура",- деп толуктады Жогорку Соттун төрайымы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:9
2025-08-07

15:58
2025-08-07
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
edu.kg

28.11.2014. 10:40
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Соттордо адилетсиздик жок параны алышат олчойтуп,куноолуу адамды куноосуз кылып чыгарышат. Эч нерсе болбосо керек оз чонтокторунон имаратарын ондошсо.
YABAXA

28.11.2014. 11:09
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
урматту жогорку соттун торайымы сиз эми бираз уялсаз бол соттор оз каражатына ондошот дегенди......., соттор анын баарын сотолуучулардын каражатына ондошот, ал нерсе баарына белгилуу, кудайды карап суйлосонор бираз
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.